Н.Исанов айылында 40 орундуу жаңы ишкана ишке берилди

Н.Исанов айылында 40 орундуу жаңы ишкана ишке берилди

Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов айылында 40 орундуу жаңы ишкана ишке берилди. Гранттын суммасы: 5.4 млн. сомду түзүп, имараты курулуп, жабдуулар алынып берилди. Ал эми, айыл өкмөтү тарабынан 3.1 млн. сом каражаты кошумча берилип, имаратка толук инженердик түйүндөр киргизилип, тышкы жасалгасы бүткөрүлдү. Жергиликтүү экономикага өз салымын кошуп, аялдарга иш орундары түзүлдү. Жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүнө салым кошкон бул ишканадан чыккан продукциялар тышкы жана ички рынокко сатылат. ❗️Белгилей кетсек, тигүү цехинин ачылыш аземи 2024-жылдын 30-августунда өткөн. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 социалдык-экономикалык инфраструктура объектисинин ачылышынын алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган. ❗️Долбоор КР Министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору үчүн Кошумча каржылоонун алкагында ишке ашырылды.

Points

Толук маалымат шилтемедеги видеодо ⬇️ https://youtu.be/isi6fmtskn8?si=Nuso6MpMSqesmHBy

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information